поэзия кечеси

Дата публикации: May 10, 2021 6:5:47 AM

А.Түмонбаев атындагы Чок-Тал жалпы билим берүү мектебинде 23-апрель Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө арналган поэзия кечеси өткөрүлдү. Биздин мектептин соц.педагогу Иманалиева Динара эжей жана Чок-Тал айылынын чыгармачыл таланттуу айымы Абдиева Элзат "Поэзия ордосу"көркөм адабий коомдук бирикмесинин мүчөлөрүнүн "Поэзия ырлар" жыйнагынын бет ачаары болду. Мектеп мугалимдери жана окуучулары алардын ырларын көркөм окууда ар бир ыры музыканын коштоосунда окулду. Жаш акындардын ырларын окуу менен кененирээк таанышышты. Болочок акындардын өмүр жолу тууралуу слайд көрсөтүлдү. Аягында окуучулардан акындарга чыгармачыл чөйрөгө кандай жол менен келишкендиги тууралуу кызыктуу суроолор берилди.