Жеңиш күнү

Дата публикации: May 11, 2021 4:53:55 AM

Улуу Жеңиш күнүнүн 76 жылдыгына карата мектебибизде линейка болуп өттү. Айылдагы тылдын ардагерлери жана Акматша атабыздын келини Талчын апа келип катышты. Окуучулар Улуу Ата Мекендик согуштун баатырлырына атайын венок жасашып, салтанаттуу жүрүш менен эстеликке алып барып коюшту. Чок -Тал айылында мекенди коргоо үчүн аттанып согушта курман болгон жана өз жерине аман келген баатыр аталарыбызга куранды айылдын имамы Абыкеев Алмаз окуду. Мектептин директору Джумаева Мээрим жана Талчын апалар окуучуларды мекенди коргоо ыйык милдет экендигин айтып кетишти. Улуу Жеништин урматына 7-8-класстын окуучулары акындардын ырларын көркөм айтып беришти. 10-класстын окуучусу Каныбеков Кадырдос "Жеңиш күнү" аттуу ырды аткарып берди. Хор кружогунун окуучулары "Эстелик", "Жеңиш майрам" деген ырларды хор аткарышты. 5-6-класстын окуучулары бий бийлеп, сценка аткарып беришти. Салтанаттуу линейкабыз көнүлдүү өттү.