Акыркы коңгуроо

Дата публикации: Jun 07, 2021 4:13:37 AM

Мектептеги эң бир эсте калаарлык майрамдардын бири бул-Акыркы коңгуроо эмеспи бирок тилекке каршы өлкөбүздө болуп жаткан кырдаалга байланыштуу акыркы коңгуроо салтанаттуу аземи онлайн форматта аралыктан өткөрүлдү. Ошого карабастан 1- класстын окуучулары акыркы коңгуроо аземине арнап аралыктан ырларын видео ролик аркылуу айтып жөнөтүштү. Мектеп директору Джумаева Мээрим Алмазбековна окуучуларды мектепти ийгиликтүү аякташы менен куттуктап ошондой эле бүтүрүүчүлөргө ак жол , ийгиликтерди каалап куттуктоо созүн айтты.