ИНВЕСТИЦИЯ ТАРТУУ

А.Түмөнбаев атындагы Чок-Тал жалпы орто билим берүү мектеби, мектепке инвестиция тартуунун алдында дайыма иш жүргүзүп келет. 2015-2016- окуу жылында мектепти мындан 10 жыл мурун бүтүп кеткен бүтүрүүчүлөр мектептин залына 30 000 миң сомго дорожка алып беришкен. 2016-2017-окуу жылында мектепти 20 жыл мурун бүтүп кеткен окуучулар мектептин 2-кабатына 30 000 миң сомго килем алып беришкен. 2018-2019-окуу жылында мектепти мындан 20 жыл мурун бүтүп кеткен бүтүрүүчүлөр мектептин кире беришиндеги тепкичти толугу менен капиталдык ремонттон 40 000 миң сомго жасап беришкен. Ошондой эле 2019-2020-окуу жылында мугалимдер тарабынан 30 000 миң сомго 2 түстүү принтер, 4500 миң сомго Wi-Fi роултер, 1500 миң сомго роза гүлүнүн көчөттөрү алынды.2019-2020- окуу жылында мектептин ичиндеги кол жуучу бөлмөгө 40 000 миң сомго 50л аристон, кошумча 2 раковина орнотулду жана мектептин кире бериши 4000 миң сомго темир тосмолор менен тосулду. 2020-2021- окуу жылында мектептин айлана-чөйрөсүн жашылдандыруу максатында 4500 миң сомго 30 түп өрүктүн көчөтү алынып тигилди. Мектеп админстрациясы мектепке дайыма инвестиция тартуунун алдында алгылыктуу иштерди жасап келишет.