1-сентябрь "Билим күнү"

Дата публикации: Sep 06, 2018 3:44:26 AM

1-сентябрь 2018-жыл. "Билим күнүнө" арналган салтанатыбыз 9.00 до гимндин коштоосунда башталды. Салтанатка айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү, айыл аксакалдары, ата-энелер катышышты. Салтанаттуу линейкада КР эгемендүүлүгүнүн 27 жылдык майрамы менен куттуктап, ошондой эле мектеп директору сүйүктүү агайыбыз Самаков Эмил Кашымбекович директорлук кызматын мектептин окуу завучу Джумаева Мээрим Алмазбековнага өткөрүп берди. Ал эми Мээрим эжей завучтук кызматын мектептин башталгыч класс мугалими Джаманкулова Салиха Өмүрбековнага өткөрүп берди. Билим күнүнө жана мектептин жаңы администрациясынын урматына арналган чакан концерт өткөрүлүп, окуучулар алдында "алгачкы коңгуроо" кагылып, линейканы аяктадык.