МЕКТЕП ТАРЫХЫ

Чок-Тал айылындагы алгачкы билим берүү жөнүндө маалымат.

Октябрь Революциясынын жеңиши кыргыз элине билимге жол ачты.1922-жылы айылдык мечиттин жанына эл күчү менен кыштан чакан мектеп салынган.Айылда "жаңы тартип" мектеби ачылып,билим алууну эңсеген айыл тургундары жаш өзгөчөлүгүнө карабастан мектепке тартыла баштаган. Кат сабатын жойгон адамдардан мугалимдер даярдалган.Абдраим Чункулдук уулу,Усубакун Каптагай уулу,Осмон Кыштообай уулу Алматы шаарынан мугалимдерди даярдоочу 3-4 айлык курстардан окуп келишип,мугалим болуп эмгектенишкен.

1922-25-жылдары Абдраим молдо мектепке жетекчилик кылган.Бара-бара балдардын саны өсүп,эски мечиттин бир бөлмөсүн кошумча класс катары пайдаланышкан.

1925-28-жылдары Усубакун Каптагаев мектепти жетектеп,1928-жылы Бостери айылындагы ачылган мектептин жетекчиси болуп которулган.

1928-34-жылдары Турсунбай Каптагаев анын ордунда мектеп жетекчиси болгон.1939-жылы пайдаланылып жаткан имараттар тардыгына байланыштуу татар байы Увалий ажынын жыгачтан салынган үч бөлмөлүү үйү жана падыша бийлигинин тушундагы почтанын имараты мектеп үчүн пайдаланууга берилген.Бул учурларда мектепте Деркембаев Абакир,Орозбаев Жекшаалы,Белеков,Молтоев Жакып,Итикеев Асанаалы,Исмаилов Асанаалы өңдүү агартуучулар эмгектенишкен.

1922-жылдан 1938-жылга чейин төртүнчү класска чейинки башталгыч мектеп катары иштеп турган.

1949-50-жылдары "Тегизчил" колхозуна Эгембердиев Самак башкарма болуп турганда,бул кишинин демилгеси менен айылдыктар ашар жолу менен жаны мектеп курушкан.Ал 1951-жылы окуу-тарбия иштерин жургузо баштаган. Агартуу тармагына кошкон салымы үчүн Самак Эгембердиевге Эл агартуунун отличниги наамы ыйгарылган.

1938-жылдан 1988-жылга чейин сегиз жылдык билим берүүчү мектеп болуп иштеп турган.1988-жылы толук орто мектеп болуп түзүлгөн. 2004-жылы үч класс комнаталуу имарат "Мерси КО" тарабынан каржыланып,пайдаланууга берилген.

2008-жылы ОсОО "Инвестресттин" каржылоосу менен 250 орундуу,2 кабаттуу жаны имарат пайдаланууга берилди.Мектепти жабдуу ишине Чон-Сары-Ой айыл өкмөтү чоң жардам көрсөттү. "Айылдык билим берүү" долбоорунун негизинде компьютердик, мультимедия кабинети толук жабдылды.Окуу жана көрсөтмө куралдар менен камсыз кылуу иштери журуп жатат.

Мектеп жетекчилери.

1922-жыл Чункулдуков Абдраим.

1928-31-жж. Каптагаев Турсунбай.

1931-1939-жж. Деркенбаев Абубакир,Орозбаев Жекшаалы

1939-1942-жж. Белеков Жусу.

1942-1944-жж. Молтаев Жакып.

1944-1945-жж. Итикеев Асанаалы.

1949-1954-жж. Абдысыров Рысбек.

1954-1969-жж. Кубакунов Бостери.

1969-1974-жж. Сарымсаков Эсенгул.

1974-1976-жж. Ибраимов Жумаш.

1976-1984-жж. Орозобекова Урум.

1984-1988-жж. Жээнтаев Памир.

1988-1990-жж. Каптагаева Нуржан.

1990-1991-жж. Деркембиев Турсунбек.

1992-жыл Самаков Эмил.