АТА-ЭНЕЛЕР ҮЧҮН

А.Түмөнбаев атындагы Чок-Тал орто мектебинин мугалимдер жамааты ата-энелер менен тыгыз байланышта.Кылмыштуулукту алдына алуу максатында "Энелер"кеңеши жана "Аталар"кеңеши түзүлгөн. Алардын иш пландары түзүлүп,мектеп администрациясы, ИДН кызматкери Асаналиева Аида менен бирге иштеп жатабыз. "Энелер" кеңешинин төр айымы Кожогулова Атыркүл жана башка кеңештин мүчөлөрү кыздар чогулушуна үзбөй катышып кеп-кеңештерин айтып турушат.Айылдын башчысы жана "Аталар" кеңешинин төр агасы Мусаев Раимбек окуучулар менен дайыма пикир алышып,укук бузууларды алдына алуу жана айыл дүкөндөрүндө спирт ичимдиктерин,тамеки,насвай окуучулурга сатпоо үчүн бардык аракеттерди жасайт.Терс адаттардан алыс болуу,кылмыштуулукту болтурбоо үчүн мектепте "Милициянын жаш достору" тобу түзүлгөн.Кылмыштуулукту алдын алуу тобунун максаты-окуучулар арасында зордук-зомбулукту, укук бузууларды болтурбоо,келечекте билимдүү,адептүү жаш муундарды тарбиялоо болуп эсептелет.