МЕРСИКО УЮМУ

2019-2020-окуу жылында жергиликтүү бюджеттин эсебинен 951803 миң сомго мектептин ашканасынын ичин толугу менен капиталдык ремонттон өткөрүлүп 2019-жылдын октябрь айынан баштап башталгыч класстардын окуучуларына ысык тамак бериле баштады. 2019-2020-окуу жылынан баштап Мерсико уюму менен иш алып барабыз. Ашканага 315994 миң сомго балдарга ысык тамак даярдоо үчүн плита, духовка, тестомес, идиш-аяк жуучу ванна, стол, холодильник, стеллаж алып беришти. Балдарга тамак жасоо үчүн байытылган буурчак, күрүч, суу май, жасмык (чечевица) берилип турат. Мындан сырткары ашпозчуларга кыска мөөнөттүү семинар-тренингдерди өтүп трушат. Ашпозчуларга формаларын жана ашканага керектүү буюмдарды ( бычак, тактай, термометр ж.б.) берилди. Мугалимдер "Жакшыртылган тамактануу, санитария жана гигиена" деген темада семинар-тренингдер өткөрүлүп мектептен 12 мугалим жана айылдын 10 тургуну сертификаттарга ээ болушту. Биздин мектеп Мерсико уюму менен дайыма тыгыз байланышта иш алып барат. Биз бул уюм менен иштешкенибизге 3 жыл болду.