Жаңы жылдык кече

Отправлено 3 февр. 2019 г., 23:49 пользователем Раида Исмаилова
27-28-декабрда мектепте жаңы жылдык кече болуп өттү. 27-декабрда башталгыч класстардын кечеси болсо, 28-декабрда жогорку класстардыкы болуп өттү. Башталгыч класстардын балаты кечесин мектептин парламенти тарабынан уюштурулган аяз ата жана аяз кыз алып барышты. Окуучулар даярдашкан концерттик кечесин жакшы көрсөтүп беришип, ата-энелерине жакшы маанай тартуулашты. Чакан белектерин аяз атанын колунан алышып, кубанычка бөлөнүп кетишти. Ал эми 9-10-класстардыкы айылдын маданият үйүндө болуп өттү.
Comments