ХРОНОЛОГИЯЛЫК ПАПКА

   

       2015-жылдын 6-февралында Улуу Жеңиштин 70 

жылдыгына жана А.Түмөнбаевдин көрсөткөн 

эрдигине таазим кылуу жана жаштарды патриоттук

 сезимге тарбиялоо максатында анын атын алып 

жүргөн мектептин алдында мемориалдык тактаны

 ачуу аземи болуп өттү. Ага КРӨнүн Ысык-Көл 

облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Каптагаев Э.С., 

Россия Федерациясынын изилдөөчүсү Звягин Сергей 

Валентинович, "Наша Победа" кыймылынын 

координатору Светлана Лаптева, Ысык-Көл районунун

 акими, Чоң-Сары-Ой аймагынын башчысы жана 

башкалар катышты.











Жаңы жылдык кече

Отправлено 3 февр. 2019 г., 23:49 пользователем Раида Исмаилова

27-28-декабрда мектепте жаңы жылдык кече болуп өттү. 27-декабрда башталгыч класстардын кечеси болсо, 28-декабрда жогорку класстардыкы болуп өттү. Башталгыч класстардын балаты кечесин мектептин парламенти тарабынан уюштурулган аяз ата жана аяз кыз алып барышты. Окуучулар даярдашкан концерттик кечесин жакшы көрсөтүп беришип, ата-энелерине жакшы маанай тартуулашты. Чакан белектерин аяз атанын колунан алышып, кубанычка бөлөнүп кетишти. Ал эми 9-10-класстардыкы айылдын маданият үйүндө болуп өттү.

Сообщение без заголовка

Отправлено 3 окт. 2018 г., 02:37 пользователем Мээрим Джумаева

25-сентябрь күнү мектепте кичинекей салтанат болуп өттү. Салатанатыбыз  "23-сентябрь - Мамлекеттик тил күнүнө" арналып, мектептин жогорку класстарынын окуучулары кыргыз  улуттук салттарын чагылдырып мектеп окуучуларына жана мугалимдерге чакан концерт тартуулашты. Кыргыздын улуттук салттарын чагылдырып боз үйгө оокаттардын кандай  коюлушун көрсөтүп жана тушоо кесүү боюнча да кыскача көрсөтө кетишти. Мугалимдер көрүп бүткөн соң өз ойлорун айтышып, "Кыргыз тилин" даңазалоонун негиздерин айта кетти.

Сабаттуулук күнү

Отправлено 25 сент. 2018 г., 04:19 пользователем Мээрим Джумаева   [ обновлено 25 сент. 2018 г., 04:21 ]

8-сентябрь күнү мектепте башталгыч класстар арасында "Келгиле, окуйбуз!" долбоору боюнча,"Сабаттуулук күнүнө" карата чакан кече болуп өттү. Алгач мектептин китепканачысы Койчиева Беделкан эжекебиз 1-класстарды китепкана менен тааныштырып анан жомок окуп берди. Андан соң 2-3-4-класстар арасында ачык сааттар өтүлдү. 

1-сентябрь "Билим күнү"

Отправлено 5 сент. 2018 г., 20:44 пользователем Мээрим Джумаева

1-сентябрь 2018-жыл. "Билим күнүнө" арналган салтанатыбыз 9.00 до гимндин коштоосунда башталды. Салтанатка айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү, айыл аксакалдары, ата-энелер катышышты. Салтанаттуу линейкада КР эгемендүүлүгүнүн 27 жылдык майрамы менен куттуктап, ошондой эле мектеп директору сүйүктүү агайыбыз Самаков Эмил Кашымбекович  директорлук кызматын мектептин окуу завучу Джумаева Мээрим Алмазбековнага өткөрүп берди. Ал эми Мээрим эжей завучтук кызматын мектептин башталгыч класс мугалими Джаманкулова Салиха Өмүрбековнага өткөрүп берди. Билим күнүнө жана мектептин жаңы администрациясынын урматына арналган чакан концерт өткөрүлүп, окуучулар алдында "алгачкы коңгуроо" кагылып, линейканы аяктадык.

Акыркы коңгуроо

Отправлено 5 сент. 2018 г., 20:21 пользователем Мээрим Джумаева   [ обновлено 5 сент. 2018 г., 20:22 ]

Мектепте "Акыркы коңгуроо" салтанаты болуп өттү. Салтанатта жакшы окуган окуучуларга мактоо барачалары берилди жана ошондой эле үзүрлүү эмгеги үчүн мугалимдер да грамота менен сыйланышты.

Семинар "Келгиле, окуйбуз!"

Отправлено 5 сент. 2018 г., 19:43 пользователем Мээрим Джумаева   [ обновлено 5 сент. 2018 г., 20:14 ]

24-апрель 2018-жыл. Мектепте Республикалык масштабда семинар болуп өттү. Семинар "Келгиле, окуйбуз!" долбоору боюнча башталгыч класстар арасында модуль менен окуу ачык сабактары жана "Келгиле, окуйбуз!" долбооруна карата жасалган окуучулардын кол өнөрчүлүктөрүнүн көргөзмөсү болду. Көргөзмөгө Ысык-Көл районунун мектептеринен келип, көл өнөрчүлүк буюмдарын коюшту. Эң башкысы USAID дин "Келгиле, окуйбуз!" долбоору боюнча Америка элинен келген өкүлү катышты.

Нооруз майрамы

Отправлено 5 апр. 2018 г., 23:46 пользователем Мээрим Джумаева

2018-жылдын 20-мартында 3б-классынын окуучулары класс жетекчиси Абдыраимова Чынара Мокушевна менен Нооруз майрамына карата "Кел Ноорузум" деген темада тарбия саат өтүштү. Бул тарбия саатка башталгыч класстын мугалимдери, окуучулары жана ата-энелер катышты.
Альбомго шилтеме https://photos.app.goo.gl/F83sBxrCbEZ7BE7z2

Өрт коопсуздугу боюнча эвакуациялоо иштери жүргүзүлдү

Отправлено 4 апр. 2018 г., 03:10 пользователем Мээрим Джумаева

Мектепте  2018-жылдын 13-март күнү ӨК бөлүмүнүн башчысы Токтосунов Н.А. жана ӨК бөлүмүнүн кызматкерлеринин катышуусу менен ар дайым өтүлүп туруучу өрт коопсуздугу боюнча эвакуациялоо иштери жүргүзүлдү.
Альбомго шилтемеhttps://photos.app.goo.gl/Zc98VDwHpU7IPgyC2

Сармерден

Отправлено 25 нояб. 2015 г., 19:45 пользователем Мээрим Джумаева   [ обновлено 26 нояб. 2015 г., 18:57 ]

2015-жылдын 20-ноябрында окуучуларды 

маданияттыкка тарбиялоо,кыргыз 

элинин улуттук салтты жайылтуу 

максатында 9-10-класстардын арасында "кыздар" 

жана "балдар" тобу менен сармерден конкурсу болуп 

өттү.Жыйынтыгында "кыздар" тобу жеңүүчү болуп 

табылды.

Форум

Отправлено 25 нояб. 2015 г., 19:00 пользователем Мээрим Джумаева   [ обновлено 26 нояб. 2015 г., 03:21 ]

"Өспүрүмдөр арасындагы укук бузууларды алдын алуу " деген темадагы форумга мектеп администрациясы катышып келди.Форумга катышуу менен мектеп жамааты,ата-энелер комитети жана жаштар уюму менен бирдикте мектеп окуучуларын тарбиялоодо алдыга бир нече максаттарды койдук. 


1-10 of 13