МЕРСИКО УЮМУ

2019-2020-окуу жылында  жергиликтүү  бюджеттин эсебинен 951803  миң сомго  мектептин ашканасынын ичин толугу менен капиталдык ремонттон өткөрүлүп  2019-жылдын октябрь айынан баштап  башталгыч класстардын окуучуларына ысык тамак бериле баштады.       2019-2020-окуу жылынан баштап  Мерсико уюму менен иш алып барабыз. Ашканага 315994 миң сомго  балдарга ысык тамак даярдоо үчүн  плита, духовка, тестомес, идиш-аяк жуучу ванна, стол, холодильник, стеллаж алып беришти.  Балдарга тамак   жасоо үчүн байытылган буурчак, күрүч, суу май, жасмык (чечевица) берилип турат. Мындан сырткары   ашпозчуларга кыска мөөнөттүү семинар-тренингдерди  өтүп трушат. Ашпозчуларга  формаларын  жана  ашканага керектүү буюмдарды ( бычак, тактай, термометр ж.б.) берилди. Мугалимдер "Жакшыртылган  тамактануу, санитария жана гигиена"  деген темада семинар-тренингдер өткөрүлүп мектептен 12 мугалим жана айылдын 10 тургуну  сертификаттарга ээ болушту.  Биздин мектеп  Мерсико уюму менен дайыма тыгыз байланышта иш алып барат. Биз бул уюм менен иштешкенибизге 3 жыл болду.
Comments