ИНВЕСТИЦИЯ ТАРТУУ

А.Түмөнбаев атындагы Чок-Тал жалпы орто билим берүү мектеби, мектепке инвестиция тартуунун алдында дайыма иш жүргүзүп келет.  2015-2016- окуу жылында мектепти мындан 10 жыл мурун бүтүп кеткен бүтүрүүчүлөр мектептин залына 30 000 миң сомго дорожка алып беришкен. 2016-2017-окуу жылында мектепти 20 жыл мурун бүтүп кеткен окуучулар мектептин 2-кабатына  30 000 миң сомго  килем алып беришкен.  2018-2019-окуу жылында  мектепти мындан 20 жыл мурун бүтүп кеткен бүтүрүүчүлөр мектептин кире беришиндеги тепкичти толугу менен капиталдык ремонттон 40 000 миң сомго жасап беришкен. Ошондой  эле 2019-2020-окуу жылында  мугалимдер тарабынан 30 000 миң сомго 2 түстүү принтер, 4500 миң сомго Wi-Fi роултер, 1500 миң сомго роза гүлүнүн көчөттөрү алынды.2019-2020- окуу жылында  мектептин ичиндеги кол жуучу бөлмөгө 40 000 миң сомго  50л аристон, кошумча 2 раковина орнотулду жана мектептин кире бериши 4000 миң сомго  темир тосмолор менен тосулду. 2020-2021- окуу жылында  мектептин айлана-чөйрөсүн жашылдандыруу максатында   4500 миң сомго 30 түп  өрүктүн көчөтү алынып тигилди. Мектеп админстрациясы мектепке дайыма инвестиция тартуунун алдында алгылыктуу иштерди жасап келишет. 
Comments